Бек Борбиев Роза Аманова тууралуу: "Ректор болуу- бул уюштуруучулук, ырчы десе эле чалкаңардан кетесиңер"

8 августа 2018 01:50 19891 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ырчы Бек Борбиев Роза Аманованын ректор болгонун куттуктап, ал тууралуу өз оюн билдирди: 

"Достор кээ бир адамдардын тайыздыгына таң калып бүтпөйсүң. Роза Аманова ректор болуптур деп күйүп, өмүрлөрү кыскарып атат. Ректорлук- бул менеджер, уюштургучтун жумушу. Ал ректор болгон окуу жай мамлекеттик эмес, жеке менчик окуу жай болсо керек. Өзүң ошондой окуу жай негиздеп, ректор болуп ал. Эч ким кой дебейт. Ырчы десе эле чалкасынан кеткендер бар. Роза мыкты уюштургуч,ырчы. Ийгилик каалайм"

Эске салсак, Роза Аманова медициналык окуу жайга ректор болуптур деп элдер дуулдап, кээ бири ырчылар дагы ректор болобу дешсе, айрымдары бизнесмендин аялы, депутаттын аялы, коррупция күч алууда деген ой-пикирлерин калтырышкан. 

Ал ортодо  Роза Аманова 2016 жылдан баштап аталган окуу жайдын ректору экендиги такталды. 

Аталган окуу жай менчик окуу жай болуп саналат. Үч багытта стамотология, дарылоо жана фармация тармагындагы адистерди даярдап чыгарат.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-rektor-boluu-bul-uyushturuuchuluk-yrchy-dese-ele-chalkaardan-ketesier



Добавить комментарий