Бек Борбиев "Райым Матраимов досуң кайда" дегендерге жооп берди

13 октября 2020 16:17 2450 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиевден досу Райым Матраимовдун кайда экендигин сурагандарга жооп берди. Бул тууралуу анын соцтармакка жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Райым досуң кайда? Эмне болду досчулугуң дегендерге. Ал мага эч качан кайда жүргөнү боюнча отчет берген эмес. Ал эми мамиле кандай болсо ошондой сакталып калса керек. Менин досторумдун алды премьер-министр, прокурор ж. б чоң кызматтарда болгон. Ал эми кээ бири тескерисинче кырсыктап, көп жылдан бери түрмөдө олтурат. Кандай шартта болсо да алар менин досторум бойдон кала бермекчи.

Эл өлкөнү «приватизация» кылып алган партиялык байларга, коррупционерлерге, алдамчыларга каршы баш көтөрдү. Алар азыр күчтүү, акчалары көп, ошондуктан Садыр Жапаровго жана анын командасына абдан кыйын болот, жалпы элдин колдоосу болбосо, жыгылып бериши мүмкүн. Андыктан кудай колдосун, күч кубат берсин демекчимин.

Райымдын досу, Бакиевчил болгон Бек Борбиев Жапаровду колдоп атат деп кыйкырып чыккандар да бар. Эми деле чыгышат, анткени казынага кол салган уурулар чындыгында Садырдан коркушат.

Ал эми, Сооронбай Жээнбеков сөзсүз кызматын тапшырышы керек, бирок, өлкөнү мыйзам талаасына киргизип коюп, кетүүсү керек.  Мөөнөтүнүн акырына чейин иштесин дегендерди колдой албайм, Ак уй өрттөндү, ага моралдык укугу калган жок", -деди ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-rajym-matraimov-dosu-kajda-degenderge-zhoop-berdi



Добавить комментарий