Бек Борбиев: "Кыргызстан Бабановго зар болуп турат"

21 ноября 2018 09:55 2462 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кыргыз саясатынын бүгүнкү күндөгү абалы көпчүлүктү түйшөлтүүдө. Бул маселе ырчы Бек Борбиевди да ойлонткон өңдүү. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына кечээ, 20-ноябрда:

"Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек. Акыркы убактагы өлкөдөгү саясий кырдаал мына ушуну талап кылып турат. Саясий күчтөрдүн балансы үчүн, дегеле кечээги трайбалисттик интервьюдан кийин  Өмүрбекке окшогон бир лидер сөзсүз керек экендиги ачык айкын көрүндү. Акыркы шайлоодо өлкөнүн жарымы дал ошол жигитке добушун бергени жалганбы. Айтор ушул убакта Өмүрбек Кыргызстанга зар болуп Москвада жатат эмес, тескерисинче, Кыргызстанга замандашыбыз Өмүрбек зарыл болуп турган чагы!" -деп пост жазды.

Бул пост көпчүлүк үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Ырчынын окурмандары аны ар тараптуу сынга алышты. Бир тарап туура дешсе экинчи тарап Бабановдон башка атка минерлер тууралуу да жазып ийишти. Албетте бул пикирди туура эмес дегендер да болду. Ырчы өзү бул тууралуу маалымат бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-kyrgyzstan-babanovgo-zar-bolup-turat



Добавить комментарий