Бек Борбиев: Гүлнур Сатылганованы камерага тартып, элге жарыялаган талантты сыйлабагандык

30 октября 2020 11:38 9573 10 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бек Борбиев Гүлнур Сатылганованы токтотуп, анын эл адамы экенин эске албай камерага тарткан МАИ кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Алматыда болгон окуяны айтып берейин. Казак досторум былтыр коноктоп 2-3 күн сый көрдүм. Кечинде мейманканага келе жатсак МАИ кызматы токтотуп калды. Рулда белгилүү казактын маданият кызматкери эле. Кичине ууртап алган болчу, дароо эле билишти. Видеого тарткандар да жүрүшөт.

Аларда ичип айдагандарга жаза бизге караганда абдан катуу, акчалай штрафы дагы көп. Мен чоң  ызы- чуу болот окшойт деп, өзүмдү дагы күнөөлүү сезип турдум. Ошентип турсак эле, ары жактан командири түшүп келип, сылык саламдашып, рулга олтурду. Даректи сурап, мейманканага чейин айдап келди, мигалка машинеси алдыга түшүп коштоп алган.

Келген соң, биз дагы кечирим сурап аттык, чынында уят болдук. Бирок тиги кызматкер баланын сөзү алигиче эсимде. Байкелер, биз казактын маданиятын көтөрүп жүргөн адамды сыйлай албасак, баалай албасак, анда казактын мыйзамынын кимге кереги бар? “Жакшы эс алыңыздар” деп, камерадагы запистерин өчүрүп кетип калышты.

Гүлнур Сатылганованы кармап,  маашырланып камерага түшүргөндөрдү көрүп, ошол окуя эске түштү. Албетте,  мыйзам баарыбызга бирдей, бирок коңшу туруп, эки башка ойлонгон эл экенбиз дедим”, - деп жазды Борбиев.

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-gulnur-satylganovany-kamera-tartyp-elge-zharyyalagan-talantty-syjlabagandyk



Добавить комментарий

  • Эки башка ойлонгон учун сенин да мындан башка постторун копчулуктун кыжырына тийип, нааразылык жаратып жатат да, ошондой эле корунуш.
  • Бек ага да туура айтат бирок. Биздин атактуулар вообще көтөрүлүп кетип жатышат да. Мындай адам герчиликтүү жүргөндөрү жок эмес бирок аз. 2-3 ыр ырдап алып эле көтөрүлүп,бир жерге кичине жумушка орношуп алып көтөрүлүп сүйлөшүп жатышат да.
  • Эл тааныган деп ичип журо бериш керекпи, артистер ичкиле депутаттар ичкиле чиновниктер ичкиле, силерге МАИ нин кызматкерлери унчукпай эле койсун, карапайым эл ичсе аларды стоянкага коюп, провасын лишение кыла берсинби. Бек сен жон эле доодуробой эле койчу))))
  • Эн туура баарыбыз эле жараткандын пендесибиз баарыбыз деле бирдейбиз маданият кызматкерлерин коруп жонокой адамдар кайда барат кимибиз болбосун мыйзам алдында жооп беришибиз керек
  • Мыйзам баарына бирдей Бек же Гулнур деп жазылган эмес мас болуп бирооду майып кылып койсо омур бою карайбы ошол майып аламды мындай даражанар наамынар озунорго
  • Бек мырза! МАИ кызматкерлери өз кызматын аткарышты. Жылдызбы, жөнөкөй жаранбы мыйзам алдында бирдей.
  • Сарыбаева 4 года назад
    Эл элден чыккан азаматтарга карап туздонот.Жаштар тарбия алат,кумир тутат. Законду сыйлап озунорду корсоткуло. Бизге болот дебей.
  • Закон баарына бирдей калыстык адилетуу созунуздон тайбаныз эгер карапайым адам болгондо закон иштейт
  • Байлыкка бийликке козун карап талантын сыйлаган сайын дынкылдап кеткен мурдун балта кеспей эми чындык кандай чечилет королу акчасы менен канча жерди сатып алар экен закон баарыбызга бирдей олум сыяктуу
  • Мыйзам баарыбызга бирдей артисттер ичип алып журо берсе болобу Бек келдиребечи депутатпы чиновникпи дыйканбы мыйзамды сыйлаш керек Чынгыз атабыз айткандай баарынан кыйыны кундо Адам болуу Маданият кызматкерлери оздорун коомдо тартиптиптуу алып журуш керек