Бек Борбиев: Чиновниктер силер эл жалдап алган менеджерсиңер
КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиев өзү теңдүү чиновниктерге кайрылуу жасады.
“Сиздер илгерки коммунист атка минээрлерди туурабагыла. Элден качып, бекинип,көрүнбөй жашап. Эл тамактанган кафелерге уялбай бара бергиле, мончолорго, дүкөндөргө баргыла. Тартынбагыла, жөө жүргөндөн уялбагыла. Анткени силер заманбап жалпак тил менен айтканда эл жалдап алган менеджерсиңер. Эн чоң менеджер бул - Премьер. Элге аралашып жүрсөңөр, эл көйгөйүн жакындан билесиңер. Эл дагы силерди үзүнө жакын көрөт. Мындайча айтканда, элдин кулу болгула, тиги акча алып сени кызматка койгондун кулу экенмин деп ойлоп албагыла” – деп өздүк баракчасына жазган.
"Уулуу муун болсо да мейли, алар ошол системада төрөлүп өскөн, а биз жаңыча ойлонуп, жашап иштесек болот урматтуу теңтуштар" - деп кошумчалады аткаруучу.
Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-chinovnikter-siler-el-zhaldap-algan-menedzhersier
Добавить комментарий ×