Бек Борбиев: Бийлик кыйкыргандарды кызматка коюп, генералдык чиндерди таркатканын коркоктук деп билем

12 марта 2021 14:15 12813 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Бек Борбиев бийликтин жүргүзүп жаткан иш-аракетине нааразы болуп, “жаңыча, убакытты уттурбай, кескин кадамдарга барса болмок” деген оюун билдирди. Бул тууралуу Борбиевдин соцтармактагы барачасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Мындан мурдагы посттун уландысын жазганга аргасыз болдум, белгилуу себептер менен.

Жаңы бийлик, башында чанжырашты, эми жаңы келди да, оңдоп кетет, буйруса дедик. Жок, тилекке каршы чанжырагандары тереңдеп баратат.

Бийликтин жалпы ички иш алпаруусу кээ бир оппозициялык күчтөр айтмакчы "ниже плинтуса". Жапаров өзү, Атамбаев талкалап кеткен, Жээнбеков түздөй албай калган сырткы саясатты оңдоо менен алек, ал дагы сөзсүз керектүү жумуш.

Улукбек Мариповду өкмөт башына шайлап, ишеним көрсөтүп алганы, кийинки убакта ката болгонбу деп калдым. Анткени, телевизорго көп чыгат, эки адамды эки жагына алган, өзү дардайып ортодо, бир цехте же бир ишканада таанышып жүргөн болот. Сүйлөгөн сөздөрү баары эски, демек, иш жүргүзгөнү да ошондой деген ойдо каласың.

Ээ Кудай, мындай премьер-министрлерди кыргыз эли далай көргөн, жадаган, бул өткөн чак! Мариповду жаш экенин көргөндө сүйүндүк эле, мына эми накта жаш менеджер келди, жакын арада реформа, жаңы өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп. Андай болуудан баары азыр алыс.

Ооба, убакыт керек, бирок, заманбап саясий кырдаалда сиздерде мурдагы бийликтикиндей убакыт көп эмес. Азыр эл күтпөйт. Элди нааразы кыла баштаганы, азык-түлүк, күйүүчү майлар кымбаттаганы. Өкмөттүн, антимонополия кызматы аракетсиз делдейип карап турганы таңкалдырат.

Эли ачка калса, биринчи ханынын этин жейт дейт тарыхта.

Азыркы кезде интернетте хайп болгон кичинекей балакай менен сүрөткө түшүп, упай топтой турган кез эмес, урматтуу ажо. Шайлоо бүткөн, силерге көпчүлүк эл добушун берген. Бул кезде силер ишиңер менен хайп болушуңар керек, иш менен чындап татыктуу экениңерди далилдегиле. Хайпты оппозиция кыла берсин.

Анан эле, көчөдөгү кыйкыргандарды кызматка коюп, генералдык чиндерди оңго, солго таркатканыңар, бул силердин коркоктугуңар деп билебиз. Демек, силер көчө оппозициясынан коркуу менен алек болуудасыңар. Тобоо, коркпогула. Азыр Жапаровду колдогондор баарынан көп, алар силерден корксун. 

Силер минимум Грузиядагы Саакашвили жасаган реформаларга барсаңар, эл 10 жыл, 20, 30 жыл силерди эч кимге тийгизбей коргоп алат. Эгер кылсаңар, кылбасаңар анда төңкөрүшкө даярдана бергиле.

Өзгөчө, Ташиев алгачкылардан болуп камалат. Анткени, жакын эле аралыкта жети өмүрүнө жетээр душман күтүп алды.

Албетте, Садыр Жапаровду колдогондордун дагы деле катарындамын, бирок, бул сөздөрдү жазышым керек болду.

Айланып жыл өтөт эртең эле, өзгөрүү болбосо колдогондордун катары азая берээри турган иш. Ар бир күн алтынга тете экенин силерди колдогондор туюп, үмүт менен карап олтурушат. Алар ач, жумушсуз же айласыздан алыста жүргөн мигрант экендери эсиңиздерде болсо керек”, - деп жазды Борбиев.


Автор: Жанышбекова Чолпон

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-bijlik-kchdg-kyjkyrgandardy-kyzmatka-koyup-generaldyk-chinderdi-tarkatkanyn-korkoktuk-dep-bilem



Добавить комментарий