Бек Борбиев: Башка тилде так сүйлөй албады дегендер, акыл эсиңер ордундабы?

29 января 2021 11:56 2447 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбориев жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровду расмий тилде сүйлөй албайт дегендерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

"Башка тилде так сүйлөй албады дегендер, акыл эсиңер ордундабы?
Качан эне тилдуу болосуңар, орус тили силердин тил эмес.
Кыргыз үчүн, кыргызча сүйлөй албаган уят, шылдың иш экени сенин мээңе качан жетет?", - деп суроо салды ырчы.

Эске сала кетсек, соцтармак колдонуучулары  кече, 28-январда Садыр Жапаров ант берүү аземинде расмий тилде "соотечественники" деген сөздү кыйынчылык менен окуду деп талкуулап жатышат. Өз учурунда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков да ушул сөздү айтууда кыйналып, коомчулуктун талкуусуна калган. 

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-bashka-tilde-tak-sjlj-albady-degender-akyl-esier-ordundaby



Добавить комментарий