Бейтап аял дарыгерди сабап таштады, врач эсин жоготуп кулады

22 мая 2019 14:41 3274 Barometr
Поделиться в:
ok

Усть-Каменогорск шаарында бейтап аял дарыгерди сабап салгандыгы туурасындагы кабарды Первый канал Евразия маалымат булагы таратты. Медиктердин айтуусунда мындай окуялар көп ирет кайталанган учурлар бар. 

Маалым болгондой, дарыгер бейтапты ооруканага жаткырууга муктаждык жок экендигин белгилеп, бүтүм чыгарган. Анын мындай бүтүмүнө макул болбогон бейтап аял дарыгерди «жаман дарыгер» деп атоо менен муштагылап, сабап баштаган. №4 поликлиниканын дарыгери Екатерина Онищук андан кийин эмне болгондугун эстей албай калгандыгын айтат. Бейтаптын аракетинен соң ал дарыгердин өзүнө медициналык жардам керек болгон.

Сотто дарыгер туура чечим чыгаргандыгы далилденген.

Сабалган дарыгердин айтуусунда, ооруканага жатуу үчүн адамдар көп нерселерди ойлоп табышат. Эң эле татаалы арак жана бангизатын колдонуп алган бейтаптар менен иштөө экендигин белгилеген медкызматкер алардын дарыгерлерди сөгүп, мазактап кетерин да айтат.

«Мындай жол менен көбү ооруканага жатып да чыгышчу. Азыр баары башкача, анткени, медициналык камсыздоо жана медициналык камсыздоо фонду жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Эми ооруканага жаткырууга байланыштуу медициналык аныктамалар жана көрсөтмөлөр тыкыр текшерилип турат. Буга чейин бейтаптар менен чыр-чатакка барбаш үчүн жол берүүгө туура келчү, эми андай кыла албайбыз", -  деп белгилеген  шаардык №4 оорукананын башкы дарыгеринин орун басары  Юрий Якупов.

Ссылка: https://barometr.kg/bejtap-ayal-darygerdi-sabap-tashtady-vrach-esin-zhogotup-kulady



Добавить комментарий