Бейруттагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүүдө. 135ге жетти (Сүрөт)
Бейруттагы каттуу жарылуудан каза болгондордун саны 135 адамга жетти, 5 миңден ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” которду.
Ливан өкмөтүнүн берген маалыматына ылайык, деңиз портунда аммиак селитрасы жарылган. Ал көп убакыт бою аталган жерде коопсуздук эрежелери сакталбастан турган.
“Жарылуунун кесепетинен 135 адам көз жумду. 50 миңден ашуун жаракат алып, ондогон адам белгисиз болууда”, - деп айтылат маалыматта.
Бейруттун губернатору Марван Аббуд берген маалыматка ылайык, жарылуудан келип чыккан чыгым 10-15 миллиард долларды түздү.
Буга байланыштуу Бейрутта эки жумага өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Учурда куткаруучулар тарабынан издөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарынын портунда күчтүү жарылуу болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/bejruttagy-zharyluudan-kaza-bolgondordun-sany-sd-135ge-zhetti-srt
Добавить комментарий ×