Бегимай Бекбоева: "Болгону өздөрүнө жараша деп, өзүмдү эмес, мамилемди өзгөрткөнмүн" деп кимди айтты?
Ырчы Бегимай Бекбоева буга чейин Barometr.kg сайтына берген маегинде жөкөнөй адамдарды жактырам, жөнөкөй адамдар менен достошом деп айткан эле. Бирок ага карабай айрымдар ырчыны дагы да болсо бой көтөргөн деп сынга алып келет. Бул тууралуу ырчы кайрадан:
“Жок достор өзгөрбөдүм. Кекирейип, боюмду да көтөрбөдүм... Болгону өздөрүнө жараша деп, өзүмдү эмес.., мамилемди өзгөрткөнмүн. Жылуу сөз сүйлөп жаткан адамдарга, мамилемди карасаңар абдан башка. Орой сүйлөп керсейишсе кээ бирлери, Мен да ороймун... Жоопко жооп дейм андайларга! Баардыгына жылуу сүйлөп жүрө бердим. Көңүл калып канчасынан кагуу жедим. Акырындап өзгөрүлдү мамилем да. Ушундай жыйынтыкка мен да келдим!!!”, -деген билдирүү калтырып “сөз ээлерин табат” деп кыстырма кылып койду.
Бекбоеванын бул сөздөрдү кимге арнап жазганы белгисиз. Ырчы жада калса пикир калтыруу бөлүмүн да өчүрүп койду.
Добавить комментарий ×