«Beeline» компаниясынын кызматкерлерине коронавирус жукту
«Beeline» соода маркасынын башчысы жана бир нече кызматкерине коронавирус жукту. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
"Скай Мобайл" компаниясынын башкы директору Евгений Кражан жана бир нече кызматкери вирусту жугузуп алганы учурда тастыкталды. Абалы канаттандыраарлык жана учурда алар дарыланууда.
“Компаниянын жетекчилиги мындай кырдаалга даяр турган эле. Анткени канчалык чара колдонсоң да, тилекке каршы, кепилдик жок экен. Март айынан тарта коопсуздук чараларын күчөткөнбүз. Башкы директор жана кызматкерлер менен байланышта болгондордун баары анализ тапшырды”, — деди компаниянын СММ директору Марина Ким.
Ошондой эле инфекциянын жайылуусун алдын алуу үчүн күзгө чейин аталган мекеменин кызматкерлери аралыкта иштешет.
Ссылка: https://barometr.kg/beeline-kompaniyasynyn-kyzmatkerlerine-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×