Бажычылар баасы дээрлик 2 млн сом болгон кургатылган жемишти кармашты

18 мая 2020 15:19 2502 Barometr
Поделиться в:
ok

Бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы эки миллион сомго чукул аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Марказ айылында “А.Ш.Б.”, аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс 1840 LS 4x” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын чиркегичи менен токтотуп текшеришкен. 

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 14 000 кг кургатылган жемиш табылган. Ал эми “Мерседес-Бенс С200” үлгүсүндөгү автоунаанын тийиштүү документтери болгон. Ал контрабанда болуп саналбайт. 

Кармалган товардын орточо базар баасы 1,9 миллион сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmaty-tarabynan-myjzamsyz-tashyp-kir-faktysy-kattaldy



Добавить комментарий