Ошто акциздик маркасы жок 700 миң сомдук тамеки ташып келе жаткан автоунаа кармалды
Бажы кызматынын өкүлдөрү жалпы наркы 700 миң сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукцияларын кармашты. Бул туурулуу аталган кызматтан кабарлашты.
ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Жапалак айылында “Ш. уулу Б.” аттуу Кыргызстандын жараны айдап бараткан “Мерседес-Бенц Даймлер-Крайслер-Е240” үлгүсүндөгү машина токтотулуп текшерилген.
Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 700 миң сомдук акциздик маркасы жок 10 миң таңгак тамеки табылган.
Кармалган товардын орточо базар баасы 700 миң сомду түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.
Добавить комментарий ×