Бажы кызматкерлери 37 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып бараткан унааны кармашты

19 февраля 2019 13:09 1440 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүйдөгү “Сосновка” өткөрмө пунктунан документтери жок 37,8 тонна дизель отунун алып бара жаткан авто унаа кармалды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” көзөмөл-өткөрмө пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 37 миң 860 литр дизель отунун алып өтүп бара жаткан авто унааны кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек-Ош каттамы боюнча жүрүп бара жаткан жүгү бар авто унаанын тийиштүү документтери жоктугу жана май куючу жана агызуучу оозуна орнотулуучу пломбалар үзүлгөндүгү аныкталган.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, жагдайлар такталгыча, кармалган авто унаа жүгү менен айып төлөөчү жайга токтотулду. Ал эми окуя боюнча материалдар Чүй облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bazhy-kyzmatkerleri-37-tonna-kjch-majdy-myjzamsyz-alyp-baratkan-unaany-karmashty



Добавить комментарий