Базар-Коргондогу жаңы конушка Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилди
Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы жаңы конушка дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысым берилет. Бул тууралуу мэр Ильяс Толонов маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.
Анын айтмында, шаардык кеңештин депутаттары бул сунушту бир добуштан колдошту.
“Аталган жаңы конуш шаардын борборунан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан жана буга чейин ал участок Уч-Эмчек деп аталып келген. Азыркы учурда калктуу пунктка жаңы аталыш берүү боюнча документтештирүү иштери башталды. Учурда калктуу конушта 400дөй үй ээликтери бар”,-деп айтты Толонов.
Эскерте кетсек, Базар-Коргон шаарында 62 миңден ашуун адам жашайт.
Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgondogu-zhay-konushka-chubak-azhy-zhalilovdun-ysymy-berildi
Добавить комментарий ×