Базар-Коргондогу 10 үйгө сел суулары кирип, 1 электр мамычасы кулады (Видео)

6 августа 2020 09:53 3063 Barometr
Поделиться в:
ok

Базар-Коргондогу сел суулары 10 үйдүн короосуна кирип, электр мамычасын кулатты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 5-августта саат 19:00 чамасында Базар-Коргон районунда сел жүрдү. Катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптады жана 1 сарайдын дубалын агызып кетти. 

"Ички чарбалык унаа жолдун 1000 м, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 м аралыгын кум шагылга толтурган жана 1 электр мамычасын кулаткан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес", - деп айтылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн аракети менен сел сууларынын нугу бурулуп, 3 турак үйдүн короолору тазаланды. 

Бүгүн, 6-августта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланат.

Сел суулары каптаган видео "Короче" телеграм каналына жүктөлдү.


Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgondo-sel-zhrd



Добавить комментарий