Базар-Коргондо бир жарым айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү дарыядан издеп жатышат
Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын 14 жаштагы М. Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери 2023-жылдын 16-май күнү кайрадан башталды.
“Дайынсыз болгон мектеп окуучунун жакындары кайрадан издөө иштерин жандантып, Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин карап берүүсүн суранып райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан.
Жерине Базар-Коргон райдук ӨКБнүн 5 куткаруучусу тартылып, издөө жумуштарын алып барышууда”, -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган мектеп окуучусу 31-мартта дайынсыз болуп, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн куткаруучулары 14-апрелге чейин издешкен.
Натыйжа болбогондуктан, туугандарынын өтүнүчү менен издөө убактылуу токтотулган.
Добавить комментарий ×