Базар-Коргондун имамы эт сатуучуларга шарияттагы мал союнун эрежелерин түшүндүрдү

9 декабря 2020 14:59 845 Barometr
Поделиться в:
ok

 Базар-Коргондун имамы райондогу борбордук базардын эт сатуучулары менен жолугушуп, мал союнун шарияттагы эрежелерин түшүндүрүштү. Бул тууралуу Мусулмандар жана дин башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

“Биз соода тармагында иштеген ишкерлер менен пикир алышып, шариятыбыздагы соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бул сапар атайын эт сатуучуларды кыдырап, малды шариятка ылайык союу, элибизге адал жана таза азык тартуулоосун  эскертүүдөбүз”-деди баш имам Тынчтыкбек ажы Шаиков.

Муну менен катар баш имам  соода кылуунун шарияттагы орду, тазалыкты сактоо, адал ырыскы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Ссылка: https://barometr.kg/bazar-korgon-hatibiyaty-et-satuuchularga-shariyattagy-mal-soyunun-erezhelerin-tshndrsht



Добавить комментарий