Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндөгү (Коррупция) белгилер боюнча А. Батукаевди эркинен ажыратуу жайынан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Б. Табалдиев шектелип жаткандыгы жөнүндө сырттан маалымдалып, ал эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча дагы издөөгө алынган.
14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, ал эми 5 шектүү макулдашууга кол коюшкан жок.
18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.
Ссылка: https://barometr.kg/batukaevdi-myjzamsyz-boshotuu-zhnnd-ish-boyuncha-terg-ayaktady
Добавить комментарий ×