Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан кылмыш ишин тергөө аяктап, фигуранттарга айыптары угузулду
Поделиться в:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул тууралуу ИИМдин Басма Сөз кызматы кабарлады.
Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда.
Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.
Добавить комментарий ×