Батукаев боюнча сот: Атамбаев келбей, дарыгер ооруп калып сот болбой калды

15 ноября 2019 15:08 1999 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз  бошотулушу боюнча бүгүнкүгө белгиленген сот 29-ноябрга жылды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каиповдун билдиришинче, айыпталуучулардын бири — академик Абдухалим Раимжановдун ооруп, процесске келбей калган.

Бул иште башкы айыпталуучу деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саналууда. Мындан тышкары иш боюнча дагы 19 кишиге айып тагылган. Алардын катарында Азиз Батукаевге диагноз койгон дарыгерлер, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, айрым күч органдарынын жетекчилери бар.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Батукаевдин абактан чыгарылышына байланышкан сот процессинин алгачкы отуруму белгиленген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/batukaev-boyuncha-sot-atambaev-kelbej-daryger-oorup-kalyp-sot-bolboj-kaldy



Добавить комментарий