Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери соттолгондордон пара талап кылып, кармалды
Милиция кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлерин опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармашты. Бул тууралуу ИММдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери опузалап пара алганы аныкталган.
2021-жылдын февраль айында Жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдөө жүргүзгөн прокуратурага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Н.Б. арыз менен кайрылган. Ал арызында Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкерлери келишим аркылуу жумушка орноштуруу учун андан 25 000 сом өлчөмдө пара талап кылып жаткандыгын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
"Бул факты боюнча 2021-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренеси (опузалап пара алуу) менен КЖБРге катталып, бул кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кылмыш ишинин материалын прокуратура ИИМдин Тергөө кызматына (Ош шаары) өткөрүп берген. Шектүү деп божомолдонгон кызматкерлер үч жолу өзүнчө параны алышканы катталып турган.
Атайын ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин кызматкери үчүнчү жолу 6 000 сом акча каражатын алып жаткан учурда кармалган.
Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесинин начальнигинин орун басары Т.А. кармалды.
Кармалган кызматкерлер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы убакта ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши каралууда.
Добавить комментарий ×