Баткендин элине 15-апрелге чейин жайлоого чыкпай туруу сунушталды

10 апреля 2020 17:08 1085 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Баткен облусунун тургундарын коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 15-апрелге чейин мал-жандыктарын жайлоого айдабай турууну эскертет.

Себеби, эл жайлоого чыгууга аракет кылганда өзгөчө кырдаалдын тартибин бузган болот

“Жарандардын массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары жакынкы күндөрү тоолуу аймактарда, жайыттарда аба ырайынын кескин төмөндөшү күтүлүп жатканын эскертет.

Өкмөттүн өкүлчүлүгү жайлоого мал айдоо качан башталаары тууралуу кошумча маалымат беребиз деп элди ишендирди.

Эске салсак, жаз келип, малчылар жайлоого чыгуу убагы келди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-eline-15-aprelge-chejin-zhajloogo-chykpaj-turuu-sunushtaldy



Добавить комментарий