Баткендин Ак-Сай айылындагы эски көпүрө жарактан чыкты
Поделиться в:
Баткендин Тажикстанга чектеш Ак-Сай айылындагы эски көпүрө жарактан чыкты.Бул тууралуу жергиликтүү активист Камчыбек Баймуратов barometr.kg сайтына билдирди. Анын айтымында кечээ дарыя суусу менен кошулуп келген сел көпүрөнү жарактан чыгарган.
Көпүрө 90-жылдарга чейин Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү Капчыгай айылынын райондун борбору менен байланыштырып турган.
Жаңы көпүрө курулгандан кийин да Капчыгай айылынын эли азыркы күнгө чейин аталган эски көпүрө менен айдоо жерлерине каттап, пайдаланып келген.
Ссылка: https://barometr.kg/batkendin-ak-saj-ajylyndagy-eski-kpr-zharaktan-chykty
Добавить комментарий ×