Баткендеги жергиликтүү депутат күбө катары гана суралганы кабарланды

18 сентября 2019 09:37 1431 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан.  Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген. Бул билдирүү жарыялангандан кийин дароо депутаттар суракка чакырылган. Социалдык тармакта алардын сегиз саат бою сурак бергени туралуу маалымат жарыяланган.

ИИМдин билдирүүсү боюнча Катраң айылдык кеңешинин депутаттары Сапарали Бөрүбаев менен Шайырбек Орозалиев 15-16-сентябрда ИИМге сурак берип чыккан. Алар суракта купуялуулукту сактоо боюнча тил катка кол койгону үчүн сөз эмне жөнүндө болгонун ачык айтышкан эмес.

Ошондой эле, Баткендеги Катраң айылдык кеңешинин башчысы Сапарали Бөрүбаев менен аталган айылдык кеңештин депутаты Шайырбек Орозалиевдин суракка алыныш себебин аталган адамдар Кылмыш кодексинин 313-беренеси (улут, дин, расалык же этникалык кастыкты козутуу) боюнча козголгон кылмыш ишинде күбө катары чакырылган. Анын алкагында Бөрүбаев менен Орозалиев эки сааттай суракка алынып, башка адамдар менен беттештирилген.

Милиция жергиликтүү депутаттар кимге козголгон иш боюнча суралганын тактаган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-zhergilikt-deputat-kb-katary-gana-suralgany-kabarlandy



Добавить комментарий