Баткендеги булакты өзбек тарап уруксатсыз топографиялык сүрөткө тартты

24 июня 2020 17:42 2297 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймакта өзбек тарап суу чыккан "Булак" жеринде  сүйлөшпөй туруп топографиялык съемкага тарткан. Бул тууралуу “Барометрге” Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык бүгүн Кадамжай районунун Чечме айылында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

«Сүйлөшүү учурунда өзбек тараптын аракеттери талкууланды. Кыргызстан, өлкөнүн тийиштүү бийлик органдарынын макулдугусуз бул аймакты топографиялык сүрөткө түшүрүүгө, видеого тартууга жана башка жумуштарга жол берилбейт деп билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө тараптарды координациялоо жана алдын-ала маалымдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkendegi-bulakty-zbek-tarap-uruksatsyz-topografiyalyk-srtk-tartty



Добавить комментарий