Баткенде жол кырсыгынан 31 жаштагы адам каза болду
Поделиться в:
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында жол кырсыгынан эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 8-декабрда Баткен районунда саат 07:45те Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 223-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) “Hyundai Solaris” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болгон (1989-жылы туулган) Жерине КР ӨКМнин РӨКО №3 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zhol-kyrsygynan-31-zhashtagy-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×