Баткенде жаран ажырашкан аялын талаага алып барып ыплас жолдор менен кордоп, зордуктаган

11 августа 2022 13:50 844 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурда ажырашкан күйөөсү аялын талаага алдап алып барып зордуктаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-жар айылына чейин жөө алып барганын билдирип арыз менен кайрылган.

"Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 2022-жылдын 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zharan-azhyrashyp-ketken-ayalyn-talaaga-aldap-baryp-yplas-zholdor-menen-kordop-zorduktagan



Добавить комментарий