"5 жаш бала Бишкекке алынып келинди": Баткенде жаракат алгандардын саны 59га жетти

16 сентября 2022 22:50 2785 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунда тажиктердин куралдуу кол салуусунан жаракат алгандардын саны 59га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин мааыматына таянып "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык,  16-сентябрь саат 20:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 59 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы - 26 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек 18 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду - 3 жабырлануучу,

4. Улуттук госпиталда - 3 жабырлануучу,

5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

6. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 5 жабырлануучу.

Каза болгон учурлар боюнча маалымат такталып жатканы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-zharakat-algandardyn-sany-59ga-zhetip-5-zhash-bala-bishkekke-alynyp-kelindi



Добавить комментарий