Баткенде ѳз алдынча кен казгандар каза болду

7 октября 2019 10:09 1749 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 3 адам каза болгон.  Алар  45 метр тереңдикте өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болушкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады

"Окуя болгон жерге ӨКМ ТККнын №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Газга ууланып каза болгондор 42, 32 жана 21 жаштагы жарандардын бири кызылкыялык, экөө ноокаттык экени аныкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-z-aldyncha-ken-kazgandar-kaza-boldu



Добавить комментарий