Баткенде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 31ге жетти
Поделиться в:
Баткен облусундагы мамлекеттик чек арада тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандардын саны 31 адамга жетти. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Белгилей кетсек, 16-сентябрь саат 13:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу келип түштү.
"Баткен облустук бириккен ооруканасына жалпы ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды.
Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.
Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.
Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.
Добавить комментарий ×