Баткенде сууга чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүнүн сөгү табылып, экинчиси изделүүдө
Баткенден Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен эки баланын бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, кечээ, 14-май күнү саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөгүп кеткен.
“Издөө иштерине саат 20:50дө ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучусу тартылып, түнкү саат 00:00гө чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүн, 15-май күнү саат 05:50дө 15 куткаруучу издөө иштерин улантууга чыгып, саат 08:35де 2009-ж.т. Д. М. аттуу баланын сөөгү табылды.
Учурда 2006-жылы туулган А.М. аттуу экинчи баланы издөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-suuga-chgp-ketken-eki-balanyn-birsnn-sg-tabylyp-ekinchisi-izdeld
Добавить комментарий ×