Баткендеги сел 3 айылды бириктирген көпүрөнү агызып кетти

22 июля 2020 10:07 1130 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде катуу жааган жамгырдан сел суулары 3 айылды бириктирген көпүрөнү жараксыз абалга келтиди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 21-июлда саат 15:30 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында кыска мөөнөттүү жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Бостон, Жоогесек жана Орозбеков айылдарын бириктирүүчү копүрөнү жараксыз абалга келтирип, жолдун 200 метр аралыгын кум шагылга толтурду.

Тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 жүктөгүч жана 1 ХОВО тартылган.

Бүгүн тазалоо иштери улантылат.

        

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-sel-suulary-kprn-talkalady



Добавить комментарий