Баткенде окуучуларга үйүнөн билим берип жаткан мугалим изделип жатат
Поделиться в:
Соц тармакка Баткенде окуучулар үйдө сабак окуп жаткандагы сүрөт таркады.
“Онлайн окууга шарты жок балдарды мугалим үйүнө чакырып алып, билим берип жатат”, -деген билдирүү калтырган сүрөттүн автору.
Ал эми, бул боюнча өкмөттүн Баткен облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү окуучуларды онлайн режиминде эмес, үйүнө чакырып окутуп жаткан мугалимди издеп жатканын айтты. Мугалимди табуу тапшырмасы ар бир район, шаардагы тийиштүү кызматкерлерге берилгени маалым болду.
Буга чейин онлайн окутууга ата-энелер, окуучулар, ал тургай мугалимдер да даяр эместиги тууралуу көп сөздөр айтылып келген.
Добавить комментарий ×