Баткенде мыйзамсыз товар ташып келе жаткандар кылтакка илинди

9 марта 2020 10:50 705 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы эки миллион сомго чукул аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди.  

ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен шаарында “А.С.Ш.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ХОВО” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотуп текшеришкен. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 152 шт., 300, 500, 1000 жана 2000 литр көлөмдөгү желим идиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1001000 сомду түзөт. 

Ошондой эле, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен шаарында “А.Р.А” аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-Спринтор” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 2960 литр “Ravenol 10w-40” маркасындагы мотор майлары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 888000 сомду түзөт. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-myjzamsyz-tovar-tashuu-kattalgan



Добавить комментарий