Мал айдоого кетип дайынсыз болуп жаткан жигитти куткаруучулар, жердештери түрүлүп издеп жатышат

12 августа 2022 13:36 1476 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде мал айдоого кетип дайынсыз болуп жаткан 30 жаштагы жаранды издөөгө куткаруучулар менен бирге жергиликтүү тургундар да чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын Д. Р. С аттуу 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоогокетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан бойдон дайынсыз болууда.

"Издөө иштерине Баткен шаарындагы КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 3-Өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, жергиликтүү элден 50 жаран, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн  7 кызматкер тартылган", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-mal-ajdoogo-ketip-dajynsyz-bolup-zhatkan-zhigitti-kutkaruuchular-zherdeshteri-trlp-izdep-zhatyshat



Добавить комментарий