Баткенде үйлөрү талкалангандарды чатырларга жайгаштырышты

10 мая 2021 10:12 4237 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде ӨКМ тарабынан, үйлөрү өрттөлгөн жарандарды атайын мобилдүү үйлөргө жана чатырларга жайгаштыруу башталды . Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.үйлөрү өрттлгөн

"Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жарандар коопсуз жерлерге эвакуацияланган.Бүгүн ӨКМ эвакуацияланган жергиликтүү тургундарды Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады.Турак-жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет.Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак-жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kmdin-kyzmatkerleri-evakuaciyadagy-turgundardy-mobild-jlorgo-zhajgashtyryp-bashtashty



Добавить комментарий