Баткенде күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна кандай үйлөр курулат? Сүрөтү жарыяланды

10 мая 2021 11:15 1767 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-тажик жаңжалында күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна кандай үйлөр курула турганы жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Курулуш үчүн шардык мэрия Чет-Булак кварталынан эки гектар жер бөлүп берген. Ар бир үй-бүлөөгө алты сотыхтан жер, ага төрт бөлмөлүү бардык шарты менен үйлөр салынат. Ошондой эле, бала бакча жана сейил бак дагы курулат. Турак үйдүн курулушу ата мекендик "Каганат" инвест холдингини," Ихлас" курулуш компниясы тарабынан башталды. Курулуш иштерин эки айда бүтүрүү пландалынып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталган. 

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kjp-ketken-jlrdn-orduna-kandaj-jlr-kurulat-srt-zharyyalandy



Добавить комментарий