Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган

27 февраль 2020 10:05 445 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 26-февраль күнү саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.  Бул тууралуу ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди. 

Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 2020-жылдын 26-февраль күнү саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-kattalgan



Добавить комментарий