Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду

29 января 2019 15:44 1612 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 29-январь күнү саат 12:16 чамасында Баткен облусунун аймагында күчү   3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Жер айылында  3 баллга, Кадамжай районунун Сары-Өтөк, Кыргыз-Кыштак, Кара-Тумшук, Кайтпас айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-boldu



Добавить комментарий