Баткенде үй шартында билим берип жаткан мугалимге Билим берүү министирлиги белек берет
Кече, 8-сентябрда Баткен облусунда мугалим окуучуларга үйүнөн билим берип жаткандагы сүрөт таркап, элдин талкуусуна түшкөн. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ошол мугалим менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты. Бул тууралуу аталган министирликтин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Баткен райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жарыяланган окуучулардын үй шартында билим алып жаткан сүрөтү райондун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылган.
Окуучулар менен онлайн байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан, мугалим 2-сентябрь күнү окуучуларды үйүнө чакырып, онлайн байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог сабактарын онлайн режиминде өтүп жаткандыгы маалым болду.
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына онлайн байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалады.
“Бирок бүгүнкү шартта, пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду”, -деди министирликтен.
Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактар КТРдин “Баластан” жана ЭлТРдин “Илим жана билим” каналдарынан берилип жатат. Бул сабактар oku.edu.gov.kg порталында да жеткиликтүү. Кайтарым байланыш Zoom жана WhatsApp тиркемелери аркылуу уюштурлат.
Добавить комментарий ×