Баткенде ишкерден айына $ 500 талап кылган жарандар кармалды
Баткенде ишкерди коркутуу жолу менен акча каражатын опузалап талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
"Ишкер милицияга кайрылып, 27-июнь күнү Умар аттуу атуул андан айына 500 АКШ долларын берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.
Милиция тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1986-жылы туулган А.А. жана мурда соттолгон 1986-жылы туулган А.А. кармалган. Шектүү жаран А.А. Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 000 (он алты миң) сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ishkerden-ajyna-500-talap-kylgan-zharandar-karmaldy
Добавить комментарий ×