Баткенде ички иштер органдарына 19 жаштан 30 жашка чейинки жигиттерди жумушка чакырат
Бөлүшүү:
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ички иштер органдарында кызмат өтөө үчүн кенже жетектөөчүлүк курамдагы кызматтарга кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
"19 жаштан 30 жашка чейинки, ортодон төмөн эмес билимдүү, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн, же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандары жумушка чакырылат".
Дареги: Баткен шаары Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номурлар: 0 (3622) 5-02-75, 0 776 012800.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ichki-ishter-organdaryna-zhumushka-chakyrat
Добавить комментарий ×