Баткенде эки жаш кыз акча уурдап кармалды

22 июнь 2018 20:00 1604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен шаарынын 25 жаштагы жашоочусу 2 ууру кыздын кылтагына илинди. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Берилген маалыматка караганда, 11-июнда «Айдарали» базарынан азиат улутундагы 2 кыз бир нерсе сатып алымыш болуп жатып 62 000 сомду уурдап кетишкен.

Соодагер арыз менен тиешелүү органдарга кайрылып, жыйынтыгында шектүү кыздар кармалышты. Алар Жалал-Абад облусунун 23 жана 22 жаштагы тургундары болуп чыкты.

Учурда тергөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-eki-zhash-kyz-akcha-uurdap-karmaldy



Добавить комментарий