Баткенде бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

1 июля 2022 10:09 1015 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде бир жылдан бери издөөдө жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, бир жылдан бери сот өкүмүн аткарбай качып жүргөн 28 жаштагы жаран Бишкектен кармалган.

"Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери Кыргыз Республикасынын ЖПКнын айып салууга соттолгон адамдын сот өкүмүн аткарбоосу беренеси менен издөөдө жүргөн.  

Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде, Баткен РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы  А.К. 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен  РИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bir-zhyldan-beri-izdd-zhrgn-zharan-karmaldy



Добавить комментарий