Баткенде бир нече оор кылмыштарга шектүү топ кармалды

29 августа 2022 17:11 1795 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунда бир нече оор кылмыштарга шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургандарынан турган адамдардын тобу мыйзамга каршы иш-аракеттерди жасады деп шектелүүдө. 

"Бул топтун бардык катышуучулары диний агымдардын бирине берилген. Алардын  лидери, руханий насаатчысы “Абу Нур” деген лакап ат менен белгилүү Г.К аттуу жаран болуп саналат.

Алар жарандарга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип келишкен, анын ичинде үйлөрдүн ичине кирип, бир нече миллион сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдашкан. Шектүүлөр андан башка дагы  кылмыштар боюнча шектелип тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, бул адамдардын тобу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө жана каршылык көрсөтүү менен байланышкан башка укукка каршы аракеттерди жасашкан деп шектелүүдө.

Бул топ Кызыл-Кыя шаарында жашап, алардын экөө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тураары аныкталган.

Мындан тышкары, тыюу салынган заттарды, тагыраак айтканда, курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүрүшү  мүмкүн деген  ыкчам маалымат келип түшкөн.

Соттун чечими менен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болгон үч адамга карата бөгөт коюу чараларын камакка алуу түрү тандалды. Учурда, тергөө ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын жыйынтыгы менен процесстик чечим кабыл алынат", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-bir-neche-oor-kylmyshtarga-shekt-top-karmaldy



Добавить комментарий