Баткенде милиция кургатылган жемишти докумети жок ташып келе жаткандарды кармады

7 мая 2020 13:24 1529 Barometr
Поделиться в:
ok

Айдоочуларды короновирус илдети боюнча текшерген учурда оор жүк ташуучу автоунаалардан  кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Баткен облус аймагында коронавирус илдетин алдын алууда жана аны жайылып кетпөө максатында милиция кызматкерлери чек аралаш аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Чек арада жайгашкан элдерге коопсуздук үчүн санитардык-эрежелердин туура сакталышын, үйдөн чыкпоону эскертип жүргөн учурда, Баткен районунун аймагында кыргыз жараны коңшулаш Тажик Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат Баткен ОИИБнын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Баткен ОИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы маалыматты текшерүү иштеринин жүрүшүндө ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп,  2020-жылдын 3-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасында атайын мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосмо менен тосулган базада, ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну коңшулаш Тажик Республикасы менен чектешкен Как-Сай участкасынын мыйзамсыз контрабанда, атап айтканда бажы көзөмөлүнөн тышкары же андан жашыруун жол менен алып өткөн кургак-мөмө жемиштерди сатуу максатында тажик мамлекетинин 2 жараны менен 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан.   Ал эми тажик мамлекетинин 2 жараны мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, алардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан соң, убактылуу Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы 1 айлык мөөнөт тандалып алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жогорудагы кармалган жүктөр Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 223-беренсинин 1-бөлүгү (экономикалык контрабанда) менен, ал эми мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн тажик атуулдарына  КР КЖКнын 358-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 2020-жылдын 5-май күнү Кадамжай РИИБнин кызматкерлери санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн Ош-Исфана автожолунда Баткен-Ош багытын көздөй бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана VOLVO үлгүсүндөгү 2 унааны токтотуп, айдоочуларын короновирус илдети боюнча текшерген учурда, автоунааларынын жүк салуучу бөлүгүндө кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгын аныкташкан.

Бул маалымат Кадамжай РИИБнүн маалыматты эсепке алуу журналына   катталып, тиешелүү материалдар жыйналып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-ajdoochulardy-koronovirus-ildeti-boyuncha-tekshergen-uchurda-dokumeti-zhok-kurgatylgan-zhemishter-karmaldy



Добавить комментарий