Баткенде 48 дарыгер нааразычылыктарын билдиришти

30 октября 2019 16:51 1301 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Баткенде облустук ооруканасынын 48 дарыгери  нааразычылыктарын билдиришти. Barometr.kg маалымат агенттигине дарыгерлердин бири  кабарлады.

Дарыгерлер айлык маянанын аздыгы, иштөөгө шарттын жоктугу, жана башка маселерди айтышты.

Ооруканада 52 медицина кызматкери иштесе, алардын кырк сегизи нааразычылыгын билдирген жана арыз жазган. Жетекчилик азырынча арыздарга кол коё элек.

Мекеменин администрациясы арыз түшкөнүн тастыктап, учурда нааразы кызматкерлер менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселе чечилип, аларды жумушта алып калуу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги комментарий бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-48-daryger-naarazychylyktaryn-bildirishti



Добавить комментарий