Баткенде 3 тоннадан ашык лимон жүктөлгөн унаа кармалды

13 апреля 2021 11:59 2175 Barometr
Поделиться в:
ok

«Баткен» бажысынын кызматкерлери жана УКМКкызматкерлери тиешелүү документтери жок, үч тонна лимон жүктөлгөн унааны кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"КР УКМК контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, «Баткен» бажысынын кызматкерлери менен биргеликте,  Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, КРнын жараны “С.Н.” аттуу адамдын  башкаруусунда бара жаткан "Мерседес-Бенц" Спринтер унаасы кармалды.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.

Такталган боюнча, аталган контрабандалык жүк Кыргызстандын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталды.

Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.


.


Ссылка: https://barometr.kg/batkende-3-tonnadan-ashyk-limon-kontrabandasy-karmaldy



Добавить комментарий