Баткен облусунун мурунку казысы Москва шаарында жерге берилди
Баткен облустук мусулмандар казыятынын мурдагы казысы Юсуп ажы Балтабаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москва шаарында өткөрүлдү. Бул тууралуу Дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага маркумдун жакын туугандары, мекендештер жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев катышты.
Юсуп ажынын жаназасын Сүйүнбек ажы Жусубалиев окуп, акыркы убактарда Россияда каза болгон жарандардын сөөгүн кичи мекенинде алып кетүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилеп, маркумдун кай жерде көзү өтсө, сөөгү ошол жерде коюлса шариат жол берээрин баса белгиледи.
Казынын сөөгү Москвадагы көрүстөндөрдүн биринде коюлду.
Эскерте кетсек, Балтабаев Юсуп Анарбаевич 1969-жылы 5-январда Баткен районунун Таш-Тумшук айылында төрөлгөн. Египет мамлекетиндеги Аль-Азхар университетинде билим алган. 2012-2015-жылдары Баткен облусунун казысы болуп эмгектенген.
Добавить комментарий ×